Садыр Жапаров «Ташиев Жогорку Кеңешке куралдарды алып барды» деген сөздөр боюнча: «Ал «мына силерге автомат» деп алып барса керек»

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар агенттигине маек берди

«Жогорку Кеңешке УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эки ящик курал алып барган» деген сөздөр коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бул кандай максатта жасалды? Анан ушул окуядан улам, «Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытов урушуп кетиптир» деген кептер бар. Маалыматыңыз барбы?

 Депутаттар «Баткен бүтө электе маалымат бергиле» деп чакырышкан экен. «Аскерлердин октору жок экен. Автоматтары жетпейт экен» деген сөздөр болуп, «Ташиев эмне кылып атат, разведкасы иштебей жатат» деген сындар болуптур. Анан «мына силерге автомат» деп алып барса керек. Албетте, парламентте эмес, барам деген депутаттарды алып барып, Баткенден берсе болмок. Бул жагынан кичине ката кетирди. Бирок ошол мезгилде анын акыбалын деле туура түшүнүш керек. Кан кечип жүргөн жеринен түз учуп келди. Анан эмоцияга алдырып койду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты