Садыр Жапаров Ташиев тууралуу:  Зор иштерди бүтүрдү. Азырынча сыр болуп турат

Бүгүн, 2-сентябрда, Президент Садыр Жапаров өзгөчө эмгектери менен мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон инсандарга сыйлыктарын тапшырды. Садыр Жапаров белгилүү инсандардын катарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевди зор иштерди бүтүргөнүн, бирок азырынча кандай иштерди бүтүргөнү сыр болуп турарын, кийинчерээк ачыкталарын айтты.

“Кыргыз эл Баатыры” наамын алгандар: “легендарлуу” Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Медеткан Шеримкулов, мурдагы өкмөт башчы Апас Жумагулов, мурдагы Министрлер Советинин   төрагасы Арстанбек Дүйшеев (көзү өткөндөн кийин), даңазалуу кинорежиссер Болотбек Шамшиев (көзү өткөндөн кийи)  ошондой эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге да сыйлыкка татыктуу болду.

“Кыргыз эл Баатыры” наамын алган Медеткан Шеримкулов менен Апас Жумагулов тууралуу Президент буларга токтолду:

“Эмгек жолун катардагы жумушчу болуп баштаган Апас Жумагулов аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтеринде, элчилик кызматтарда узак жылдар бою үзүрлүү иштеген. Өзүн иштин көзүн билген мыкты жетекчи, мыкты уюштуруучу катары көрсөтө алган.

Эки жолу Өкмөт башчысы болуу менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө олуттуу салымын кошкон. Апас Жумагулов кезегинде өлкө кризистик абалда турганда Өкмөт башына келип, саясий жана экономикалык кризистен чыгуунун жолун таап, олуттуу экономикалык реформалардын башатында болгон. Ошентип өлкөнү туруктуу өнүгүү жолуна сала алган.

Кыргызстандын тарыхындагы “легендарлуу парламент” атыккан Жогорку Кеңеш жөнүндө кеп болгондо, дароо Медеткан Шеримкуловичтин ысымы кошо айтылат. Чынында эле “легендарлуу парламент” легендарлуу иштерди жасаганы кыргыз элине маалым”.

Ал көзү өткөндөн кийин сыйлыкка татыктуу болгон Арстанбек Дүйшеев  тууралуу мындай деди:

“Коомдук-саясий, мамлекеттик ишмер Арстанбек Дүйшеев эмгек жолун катардагы ветеринардык врачтан баштап, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун, андан кийин Министрлер Советтинин төрагасы кызматы үзүрлүү аркалаган” деп белгиледи.

Ал эми айтылуу кинорежиссер Болот Шамшиев тууралуу мамлекет башчы буларга токтолду:  

“Дүйнөгө “Кыргыз керемети” деген ат менен атагы чыккан улуттук кино тармагыбыздын өнүгүшүнө салым кошкондордун сап башында таланттуу кинорежиссер Болот Шамшиевдин ысымы аталат.

Бүгүнкү күндө анын кинофильмдерин көрбөгөн кыргызстандык болбосо керек. Болот Шамшиевдин “Ак кеме” тасмасы дүйнөлүк кино океанында азыр да сүзүп жүрөт. Анын башка бир катар кино тасмалары бүгүн да улуттук экраныбыздан түшө элек. “Бөрү зындан”, “Караш-караш окуясы” кинотасмалары мурдагы Советтер Союзунун алкагында эң көп кирешелүү тасмалар боюнча кинопрокатта рекорд койгонун айтсак, анын канчалык таланттуу экени даана көрүнөт”.

Ал эми “Кыргыз эл баатыры наамын алган УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу Президент Жапаров мындай деп айтты:  

“Бул ачуу чындык, бирок шибегени капка ката албагандай эле, бул чындыкты дагы жашыра албайбыз. Мына ошондой өлкө башына каран күн түшүп турган маалда кара башын канжыгага байлаган, жанын тобокелге салып чыр-чатакты токтотуп, эки элди жараштырган эр-азаматтарыбыз болду.

Кээ бир өзүн баатыр сезгендер ал жака бармак түгүл караандары да көрүнгөн эмес. Жаңжалды токтотуп, эки элди элдештирүүдө сап башында бүгүнкү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев тургандыгын эч ким тана албайт.

Муну мен өз көзүм менен көрүп, ошол окуяларга катышкан адам катары айта алам.

Анын буга чейин эл кызматыда болуп, “эл уулу” атанткан иштери татыктуу бааланып жатканын эл да туура көрөт.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн улуттук коопсуздугун чыңдоо, чек араны бекемдөө жана күч органдарын реформалоо боюнча жүргүзүп жаткан аракеттерин көз жаздымда калтырууга болбойт.

Мындан сырткары, жакынкы эле убактарда, элге беймаалым, менин көз алдымда турат, мамлекеттин кызыкчылыгы чейрек жыл бүтпөй жүргөн зор иштерди бүтүрдү. Бул иштер азырынча сыр болуп турат. Убагы келет, кийинчерээк ачыктаймын» деди Президент Жапаров.

Садыр Жапаров Ташиев тууралуу:  Зор иштерди бүтүрдү. Азырынча сыр болуп турат
Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты