Садыр Жапаров Ташиев менен Мадумаровдун кайым айтышуусу боюнча пикирин билдирди

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаровдун кайым айтышуусу боюнча «Азаттыктын» суроосуна жооп берди.

«Азаттык»: Ошол эле учурда парламенттеги соңку жагдай да коомчулукта кызуу талкууланууда. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Адахан Мадумаровдун кайым айтышуусу Жогорку Кеңеш менен аткаруу бийлигинин мамилеси жана мамлекеттик кызматкердин этикасы жөнүндөгү көптөгөн суроолорду жаратты. Айрым депутаттар парламент менен өкмөт жетекчилигинин ортосунда тиреш байкалганын айтса, күч органдарынын жетекчилери эл өкүлдөрүн жоопкерчиликсиз билдирүүлөрү үчүн айыптап жатат. Аткаруу бийлигинин башчысы катары пикириңиз кандай, бул жерде мамлекеттик кызматкердин этикасы бузулган жокпу?

Жапаров: Мадумаров мамлекетчил эмес. Мамлекетиң эмне болсо ошол болсун, мен балп дедирип сүйлөп коюп элге жаксам болду деген популист саясатчы. Эл деле анын мүнөзүн билип бүттү. Азыр дүйнө боюнча бардык өлкөлөрдө кризис болуп атат. Муну баарыңар көрүп турасыңар. Биз колубуздан келишинче өлкөбүздө тамак-аш тартыштыгы болбосун деп болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Чет өлкөлөрдөн алып жаткан импортубуз чектелүү.

Мисалы, буудай, ун, кумшекер, суу майга квота киргизилген. Тагыраак айтканда биздин өлкөгө жетээрлик гана көлөмдө ала алабыз. Андан ашык алсак үстүнө бажы жана башка өнүмдөр кошулат. Анда тамак-аш асмандын башына чыгып кетет. Ошол үчүн сыртка чыгып кетпесин деп катуу көзөмөл кылып жатабыз. Бул ишти УКМК көзөмөлдөп жатат. Бул алардын түздөн-түз милдети. Коопсуздук деп аты айтып тургандай эле бардык жактан коопсуздугубузга УКМК жооп берет. Албетте коюлган постто кызматкерлер таптаза иштеп жатат дегенден алыспыз. Баарын 100 пайыз көзөмөл кылуу кыйын. Адамдык фактор деген болот. Бирөө жарым тыйын сурашы мүмкүн.

Андайларды кармап келип камап атышат. Көрүп атпайсыңарбы. Ал эми аткезчилик 90 пайыз токтоду. Эгер токтотпосок тамак-ашка баалар өзүбүздө асмандын башына чыгат. Анда да кооз сүйлөп кыйкырып чыгат. Камчыбек Кыдыршаевичтин жаны ачышып кетип анан катуу жооп берди. Аны туура эле түшүндүм. Аткезчилик кылып жаткандын дагы бир далили.

Мадумаров айтып жатпайбы “500 доллар берейин өткөрүп кой десем миң доллар бер деп атат” деп. Өзү үчүн үйүнө товар алып бара жаткан адам жөндөн-жөн эле 500 доллар сунуштабайт да. 500 доллар бергиче өлүп берем демек. Бул иштер боюнча жергиликтүү бийлик дагы УКМК менен биргелешип иштеп жатат. Жергиликтүү тургундарга жетиштүү товарларды өткөрүп берип жатышат. Аткезчиликке жол берилбейт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты