Садыр Жапаров ТҮРКОНдун делегация башчыларын кабыл алды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын 24- конференциясынын (ТҮРКОН) делегация башчыларын кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Азербайжандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы Али Наги оглы Нагиев, Тышкы чалгындоо кызматынын жетекчисинин орун басары Самир Вугар оглу Исмайлов, Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Ермек Сагимбаев, Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун директору Хакан Фидан жана Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов катышты.

Президент Жапаров конференция 24 жылдан бери коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуунун жана профессионалдык көйгөйлөрдүн кеңири спектрин талкуулоонун, тажрыйба алмашуунун, коопсуздук жаатында кызматташуунун эң натыйжалуу моделдерин иштеп чыгуу үчүн зарыл аянтча болуп калганын белгиледи.

“Бүгүнкү күндө Жакынкы Чыгышта жана Афганстанда айрым мамлекеттердин бүтүндүгүнө коркунуч туудурган жана бул аймактардын чектеринен да алыска жайылып кетүү коркунучу бар масштабга жеткен террордук аракеттердин күчөшү биздин кызматтардан өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Бул коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөштө ырааттуу жана системдүү иш, биргелешкен жана координацияланган күч-аракеттер аркылуу гана олуттуу натыйжаларга жетишүүгө болору ырас”, — деди президент.

1998-жылдын 20-майында Стамбул шаарында Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Түркиянын атайын кызматтары Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын конференциясын түзүү жөнүндө Протоколго кол коюшкан (ТҮРКОН). Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы ТҮРКОНго 2018-жылы мүчө болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты