Садыр Жапаров Түркмөнстандын мурдагы президенти менен телефондон сүйлөштү

  • 2 года мурун

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркмөнстандын мурдагы президенти, Элдик жыйындын (Халк маслахаты) төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз-түркмөн кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү, эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү, ошондой эле пландалган эки тараптуу багыттагы визиттердин графиктери боюнча пикир алмашуу болду», — деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын 12-мартында Түркмөнстанда президенттик шайлоо өтүп, Бердымухамедовдун 40 жаштагы уулу Сердар Бердымухамедов жеңүүчү болгон. Анын ант берүү аземи 19-мартта өткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты