Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда футбол боюнча Дүйнө чемпионаты — 2022 алкагында Доха шаарында (Катар Мамлекети) Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери жөнүндө сүйлөшүштү.

Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган жогорку саясий деңгээлде активдүү диалогду улантууну шартташты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты