Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 12-ноябрда президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле жакынкы келечекте уюмдун мындан аркы өнүгүүсү боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчы Кубанычбек Өмүралиевди Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы болуп дайындалышы менен куттуктап, ага боордош элдердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө  багытталган жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров түрк тилдүү мамлекеттердин саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мамлекет башчыга өз кезегинде Кубанычбек Өмүралиев жаңы кызматта алдыдагы иштин  пландары жана эң биринчи милдеттери, атап айтканда Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн башчыларынын Саммити ушул күндөрү Самарканд шаарында өткөн тогузунчу жыйынында кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышы жана ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн ортосунда өз ара мамилелерди чыңдоо боюнча чаралар тууралуу  маалымат берди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты