Жапаров: Түгөлбай Сыдыкбековдун, Советбек Жумадыловдун бизге калтырган улуу мурастарын аздектеп сактайлы!

  • 2 года мурун

Бүгүн, 23-июлда Ысык-Көл облусундагы Каркыра жайлоосунда чыгаан жазуучу,  коомдук ишмер, Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгы белгиленип жатат.

Мааракеге президент Садыр Жапаров катышып, куттуктоо сөзүн айтты.

Ал өз сөзүндө улуттук нарктуулукту кайра калыбына келтирүү зарылчылыгынан улам, атайын жарлык кабыл алынып, иш-чаралар өтүп жатканын билдирди.

Мамлекет башчы эки чыгаан инсандын кыргыз элине жасаган эмгегин белгиледи.

«Биз, кыргыз эли – Сыдыкбеков жана Жумадылов өңдүү улуу инсандарыбыз менен улутташ, мекендеш болгон бактылуу элбиз!Түгөлбай Сыдыкбековдун, Советбек Жумадыловдун жана анын санаалаштарынын бизге калтырган улуу мурастарын аздектеп сактайлы!», — деди Жапаров.

Түгөлбай Сыдыкбеков – чыгаан жазуучу, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын алган. Сыдыкбеков 1912-жылдын 14-майында Ысык-Көлдүн Түп районунда туулган. «Күрөш» деген алгачкы жыйнагы 1933-жылы жарык көргөн. Жазуучу “Биздин замандын кишилери”, “Зайыптар”, “Тоо балдары”, “Тоо арасында”, “Көк асаба” романдарынын автору. «Манас» эпосун изилдөөгө жана басып чыгарууга көрүнүктүү салым кошкон. Орус классиктеринин чыгармаларын кыргызчага которгон.

Советбек Жумадылов — актер, Кыргыз ССРинин Эл артисти наамына татыган. Ал 1932-жылы 5-декабрда Ысык-Көлдүн Тепке айылында туулган. Ал 1955-жылдардан баштап кыргыздын бир топ белгилүү кинолорунда мыкты ролдорду жараткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты