Президент Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жана Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгын майрамдоого катышат
- 1 жыл мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда Ысык-Көл облусунун Түп районунда жазуучу, коомдук ишмер, Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгын майрамдоого байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышат.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара УТРК жана республикалык телеканалдарда түз эфирде чагылдырылат.
Түз эфир болжол менен саат 15:20да башталат
Муну бөлүшүү