Садыр Жапаров Стамбулдагы терактка байланыштуу Түркиянын президентине көңүл айтты

  • 2 года мурун

РЕЗИДЕНТИ

Президент Садыр Жапаров Стамбул шаарындагы терактка байланыштуу Түркия Президенти Реджеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Стамбул шаарындагы жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

«Түркиянын Стамбул шаарынын Истиклял көчөсүндөгү жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасы бул террордук актыны кескин түрдө айыптайт жана эл аралык коомчулуктун террорчулукка каршы күрөшкө багытталган аракеттерин толугу менен колдойт.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.

Жараткандан жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетишин тилейм», — деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты