Садыр Жапаров ШКУ саммитине катышуу үчүн Өзбекстанга учуп кетти

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Өзбекстандын Самарканд шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Саммиттин аянтчасында мамлекет башчы жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
– Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
– Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Муса Жаманбаев;
— Транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев;
— Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.

Белгилей кетсек, ШКУ саммити Өзбекстандын төрагалыгы алдында өтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты