Садыр Жапаров ШКУ мамлекет башчыларынын Кеңешинин саммитине онлайн форматта катышат

  • 1 год мурун

Бүгүн, 4-июлда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 23 — саммити өтөт.

Президенттик администрациядан билдиришкендей, иш-чара онлайн форматта болот.

Индиянын төрагалыгы алдында өтө турган саммитке Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын, Иран Ислам Республикасынын, Беларустун, Монголиянын өлкө башчылары катышат.

Мындан тышкары, иш-чарага алты эл аралык жана регионалдык уюмдардын жетекчилери катышат. Алар БУУ, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясы (АСЕАН), КМШ, Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюму (ЖККУ), Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмелеринин (СВМД) башчылары.

Саммитте Иран ШКУга толук кандуу мүчө мамлекет макамын алары күтүлүүдө.

Ошону менен бирге саммиттин алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Нью-Дели декларациясына кол коюлат. Терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге алып баруучу радикалдашууга каршы аракеттенүү жөнүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин билдирүүсү, 2030-жылга чейинки мезгилге ШКУну экономикалык өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө чечим, ШКУга мүчө мамлекеттердин транспортту декарбонизациялоо, жогорку натыйжалуулукка жана туруктуулукка жетишүү үчүн санариптик трансформацияны жана инновациялык технологияларды илгерилетүү боюнча кызматташуу концепциясын бекитүү жөнүндө, ошондой эле бир катар башка документтер кабыл алынат.

Эскерте кетсек, ШКУнун 22-саммити 2022-жылдын сентябрь айында Өзбекстандын Самарканд шаарында көзмө-көз форматта өткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты