Садыр Жапаров шейх Заеддин күмбөзүнө жана анын атындагы мечитке барды
- 2 года мурун
Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын алкагында Абу-Даби шаарындагы шейх Заеддин күмбөзүнө жана анын атындагы мечитке барды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчы БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи президенти шейх Заед бин Султан Аль-Нахаяндын элесине таазим кылып, күмбөздү көрүп чыкты.
Андан соң, Садыр Жапаров шейх Заед бин Султан Аль-Нахаяндын сөөгү коюлган жердин жанына салынган мечитке кирди.
Мечитти көрүп чыккан соң, мамлекет башчы Ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилектерин жазып калтырды.
Муну бөлүшүү