Садыр Жапаров Санкт-Петербургга учуп кетти

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербургга учуп кетти. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинине мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын салттуу бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына жумушчу сапары менен учуп кетти.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев;

— Кыргыз Республикасынын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гульнара-Клара Самат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты