Садыр Жапаров Санкт-Петербургдагы КМШнын бейформал саммитине катышпайт
- 4 года мурун

Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербургдагы КМШнын бейформал саммитине катышпайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
«Иш графигине байланыштуу президент Садыр Жапаров Санкт-Петербургдагы КМШнын бейформал саммитине катышпайт. Орусиянын президенти Владимир Путиндин 70 жылдыгына байланыштуу президенттин куттуктоосун жеткирүү үчүн кыргыз тараптан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлдү», — деп жазды Султанбаев.
Муну бөлүшүү




