Садыр Жапаров Санкт-Петербургда ЖЕЭКтин кезектеги жыйынына катышат

  • 7 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербургда ЖЕЭКтин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы 25-26-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги отурумуна жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат. Иш-сапар тууралуу маалыматты президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев берди. «Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары тарабынан Биримдиктин мындан аркы ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон чечимдер каралат. Атап айтканда, комиссиянын коллегиясынын жана ЕАЭБ сотунун мүчөлөрү, биримдиктин эл аралык ишмердүүлүгүнүн 2024-жылга негизги багыттары, ЕАЭБ макроэкономикалык саясатынын 2024-2025-жылдарга багыттары бекитилет. 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн милдеттери жана негизги багыттары каралат. Мындан тышкары, отурумдун алкагында Иран менен ЕАЭБтин эркин соода аймагы жөнүндө Макулдашууга кол коюу күтүлүүдө. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин бейформал жолугушуусунда 2023-жылы өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыктары чыгарылат, келечекке карата негизги милдеттер аныкталат, актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашуу болот. Эскерте кетсек, Кыргызстан көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине 2023 — жылы төрагалык кылган», — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты