«Садыр Жапаров Самарканддан саат 17:00дө кайтып келип, жыйын өткөрөт» дейт ЖКнын төрагасы

  • 2 года мурун
«Садыр Жапаров Самарканддан саат 17:00дө кайтып келип, жыйын өткөрөт» дейт ЖКнын төрагасы

Президент Садыр Жапаров Самарканддан саат 17:00дө кайтып келип, жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Ак үйдүн алдына митингге чыккандарга билдирди.

Ак үйдүн алдына бир канча адамдар митингге чыгышкан. Алар чыр чыккан аймакка кошумча аскер жөнөтүүнү, ал жактан жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга көчүрүүнү, Исфанадан Бишкекке атайын учак каттамдарын уюштурууну талап кылышты.

Кыргызстандын Чек ара кызматы бүгүн, 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча чырдан жабыркагандардын саны 31ге жетти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты