Садыр Жапаров Салык кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров Салык кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам 2023-жылдын 16-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. 

Бул мыйзамдын максаты президенттин “Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө”, “Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жөнүндө” жарлыктарын ишке ашыруу болуп саналат. 

Мыйзам таза атаандаштык үчүн шарттарды түзүү жана экономиканын көмүскө бөлүгүн кыскартууга багытталган ченемдерди белгилейт. 

Мыйзамга ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы чырда Баткен менен Ошто жабыр тарткан ишкерлердин салыктык карыздары жоюлат.

Жылдык кирешеси 8 миллион сомдон ашпаган көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонгон жеке ишкерлер салыктан бошотулат.

Бирдиктүү салыктын чени (ставка) төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

  • жылдык жүгүртүүсү 100 миллион сомдон ашпаган базарлардагы ишкерлер үчүн 0,1%;
  • соода үчүн бирдиктүү салыктын ченин накталай акча үчүн 4% жана накталай эмес төлөмдөр үчүн 2% төмөндөтүү:
  • 0,5 % — жылдык жүгүртүүсү 30 миллион сомго чейин;
  • 1 % — 30 миллион сомдон 50 миллион сомго чейин жүгүртүү менен;
  • коомдук тамактануу кызматтары үчүн киреше көлөмү чектелбейт.

ККМ колдонбогондорго биринчи жолу эскертүү берилет. Мыйзамды экинчи жолу бузса, жеке жактарга 500 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынат. Эрежени дагы бир жолу бузгандар 3000 сом, юридикалык жактар 13 миң сом айып пул төлөйт. Ишкер айыпты 30 күндүн ичинде төксө, 70% жеңилдик берилет.

Күчүнө кирүүнүн башка мөөнөтү аныкталган айрым ченемдерди кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты