Садыр Жапаров Рита Карасартова, Нурбек Токтакунов, Динара Ошурахунова менен жолукту. Анда эмне жөнүндө сөз болду?

  • 2 года мурун

Кечээ, 28-апрелде президент Садыр Жапаров укук коргоочулар менен жолукту. Бул тууралуу “ПолитКлиника” медиасына укук коргоочу Рита Карасартова тастыктады. 

Анын айтымында, жолугушууда сөз эркиндиги боюнча сүйлөшүүлөр болду.

“Президент Садыр Жапаров менен 7-8дей укук коргоочулар жолукту. Жолугушууга Динара Ошурахунова, Нурбек Токтакунов, Гүлшайыр Абдирасулова катышты. Анда сөз эркиндиги, эркиндикке болгон тыюулар, иликтөө журналистикасынын ролу, дүйнөдөгү абалды чакылдыруунун ролу жөнүндө сөз болду. Дайыма жолугушуулар болушу керектигин белгиледик. Бул абдан маанилүү, элден алыстап кетүү бат эле. Мындай жолугушуулар болбосо абалды башкара албай каласыңар деп айттык. Бир топ нерселерди жазып алды. Нурбек Токтакунов Конституцияны жанына алып алган экен, аны көрсөтүп эркиндиктер тууралуу айтып берди. Талаш-тартыштар болду. Кээ бир учурларды мойнуна алды. Биз дагы Кыргыз жараныбыз Кыргызстанды алдыга жылдыргыбыз келет, бизге дагы жардам бериңиз сиз менен биргелешип жакшы нерселерди алдыга жылдыралы дедик. Бул үчүн маалымат каражаттарынын ролу маанилүү. Эркин иликтөөнү жасаган журналисттердин иликтөөсү эмне болду экен деп айткандын ордуна, аларды куугунтукка алган туура эмес деп айттык”, — деди Рита Карасартова.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты