Садыр Жапаров: Равшан Жээнбековго добуш бердим

Президент Садыр Жапаров учурда камакта отурган талапкер Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтты.

«Ооба. Мен добушумду камакта жаткан талапкер Равшан Жээнбековго бердим. Ал азыр камакта. Анын күнөөлүү же күнөлүү эмес экенин укук коргоо органдары менен сот чечет. Алардын иштерине кийлигишкенге эч кимибиздин акыбыз жок. Мындан ары система анан мыйзамдар так иштеш керек. Кыргызстандыктар ошого көнүшүбүз керек. Ал эми эмне үчүн Равшан Жээнбековго добуш бергенимдин себеби төмөнкүчө.Камакта жаткан адамдар мейли күнөөсү барбы же жокпу анысына карабай мусапыр болушат. Боорум ооруйт«, — деп билдирди ал.

Равшан Жээнбеков мурдагы депутат, 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жатат. Ал №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына жалпы 11 талапкер талапкерлердин ичинен бюллетендеги тизмесинде биринчи катарда орун алган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты