Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Казакстанга барат

  • 2 недели мурун

Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Казакстанга барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу боюнча 18-19-апрелде Казакстанга расмий сапары менен барат.

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев Садыр Жапаров сапардын алкагында Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрө турганын билдирди.

«Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эки жактуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелерди, ошондой эле кыргыз-казак алакаларынын өнүгүү келечегин талкуулашат. Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешинин Алтынчы жыйынына жана Астана шаарында «Манас» кыргыз эпосунун каарманынын эстелигинин ачылыш салтанатына катышат. Сапарга карата «Кыргызстан – Казакстан» бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн тегерек үстөлү, кыргыз-казак жаштар форуму жана илимпоздордун «Кыргызстан жана Казакстандын актуалдуу маселелерин чечүүдө илимди өнүктүрүү келечеги» форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар белгиленген», — деди Муратбек Азымбакиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты