Садыр Жапаров: Пенсия 1700-3400 сомго көтөрүлөт

  • 2 года мурун

1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсиянын көлөмү 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасында маалымдады.

Президенттин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө жалпы өлкө боюнча 735 миңдей пенсионер бар. Буга чейин алардын пенсия төлөмдөрү үчүн жылына 70 млрд сом каралган болсо, мындан ары жыл сайын республикалык бюджеттен 90 млрд сом бөлүнөт.

«Буга чейин пенсия өлчөмү орточо 200-300 сомго көтөрүлчү. Азыр эми биз бир эле учурда жалпы өлкө боюнча пенсия өлчөмүн 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүү чечимин кабыл алдык. Албетте, бул идеалдуу сан эмес. Бирок бүгүнкү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша жарандарыбыздын жашоо шартын жакшыртуу үчүн бардыгын жасап жатабыз. Мамлекеттин социалдык саясаты мындан ары да кыргызстандыктардын жашоо сапатын жана бакубатчылыгын жакшыртууга багытталат», — деп жазды Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты