Садыр Жапаров Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен жолукту

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров кечээ, 16-июнда Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-палестин эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

«Садыр Жапаров Кыргызстан боордош Палестина мамлекети менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана ар кандай өз ара пайдалуу тармактарда кызматташууну чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.

Ал Кыргызстан араб дүйнөсү менен кызматташууну бекемдөөгө умтулганын жана Палестинаны эл аралык аренада колдоп келгенин белгиледи«, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Садыр Жапаров Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Аль-Маликинин Кыргызстанга ушул жылдын август айына пландаштырылган расмий сапарын кубаттай турганын билдирген.

Анын жүрүшүндө маанилүү келишимдерди түзүп, кызматташуунун мындан аркы перспективаларын талкууланарына ишеним артарын айтты.

Жапаров Махмуд Аббастын өзүн дагы Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Махмуд Аббас Кыргызстан менен Палестинанын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин абдан чоң потенциалын эске алуу менен өнөктөштүктүн темпин күчөтүүнү кааларын билдирди.

Мындан тышкары, ал Палестина тараптын Кыргызстанда өз элчилигин ачууга жана Палестинанын эл аралык кызматташуу агенттигин кыргыз тарап менен байланыш түзүүгө багыттоого даярдыгын белгиледи.

Өлкө лидерлери мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын бардык аспектилерин талкуулоо үчүн диалогду улантууну макулдашышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты