Садыр Жапаров Орусияда каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча иштеп чыгууну тапшырды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Орусиянын Ульяновск облусунда катталган кырсыкта каза болгон мекендештердин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

«Президент Жапаров ТИМ, ӨКМ, “Манас” эл аралык аэропортуна Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды. Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”,- деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты