Садыр Жапаров: «Октябрь окуясында Көлбаев мени эмес, Сапар Исаковду колдогон»

  • 6 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров 2020-жылдагы октябрь окуясында Камчы Көлбаев аны колдогон эместигин “Кабар” агенттигине  берген жаңы маегинде айтып берди.

— Октябрь окуясында Көлбаев мени колдогон эмес, ачык эле айтайын, Сапар Исаковду колдогон. «Криминалдар Садыр Жапаровду колдоп атат» деген жалган маалыматты ошол мезгилдеги менин оппоненттерим жана “Азаттык” тараткан. Алардын планы мени элге жаман көрсөтүп, шайлоого чейин оюндан чыгарыш болчу. Бирок 10-15 жыл мурдагыга караганда 2020-жылы элдин көзү ачылып калган эле. Андай ушактарга ишенбей калышкан. Кандай маалымат болбосун, өздөрү талдап, тактап, чын-бышыгын билип алышчу. Жыйынтыгында көпчүлүк эл менин талапкерлигимди колдоп, президенттик кызматка шайланып калдым.

Ошондой эле президент Көлбаевдин Сапар Исаковду колдогонуна байланыштуу далилдер бар экенин белгиледи.

-Ага толук далилдер бар. Ошол мезгилде эле Камчы Көлбаев Сапар Исаковду колдоп жатканын билгенбиз. 6-октябрь күнү Камчы Көлбаев Сапар Исаковго “Атамбаев экөөңөр мына ушул унаа менен жүргүлө” деп зооттолгон «Мерседес» унаасын белек кылган.8-октябрь күнү Камчы Көлбаев жеке өзү кримчөйрөнүн балдарына “Сапар Исаков менен Атамбаевдин группасын колдогула” деген кабар таратып, буйрук берген. Биз андай маалыматтарды ИИМдин атайын бөлүмү аркылуу телефон сүйлөшүүлөрүнөн угуп турганбыз.

Алар — криминалдар: “Бардык күчтөр бирикти, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жалгыз калышты, элдин баары Сапар Исаковду колдошот, ал президент болот” деп, 8-октябрь күнү өздөрүнчө жыйынтык чыгарып алышкан. 9-октябрь күнү бардык күчтөр биригип, анан бизге каршы аянтка чыгышпадыбы. Эсиңерде болсо, ошол күнү карапайым эл “бириккен күчтөрдү” аянттан кубалаганда Сапар Исаков менен Атамбаев Камчы Көлбаев белек кылган зооттолгон унаа менен аянттан качышкан. Ошондо белгисиз бир киши травматикалык тапанча менен унааны эшикке аткан. Ал унаа ушул күнгө чейин бир жер төлөдө сакталып туруптур. Желим ок тийген эшиги оңдолбостон, ошол эле бойдон экен.

Кечээ жакында жер төлөдөн табылып, унаанын кожоюну, кримчөйрөнүн өкүлү Мурат Рамонов көрсөтмө берип, Сапар Исаковго кайсы дарекке, кайсы убакта Камчы Көлбаевдин тапшырмасы менен алып барып бергенин (6-октябрь күнү) айтып берди. Ошол үчүн толук далилдер бар деп айтып жатам.

Эске салсак, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл аянтка чыгып, 5-октябрдан 6-октябрга оогон түнү Ак үйдү басып алышкан. Толкундоолор учурунда абакта жаза өтөп жаткан жана тергөө абагында жаткан бир катар саясатчылар бошотулган. Алардын катарында Садыр Жапаров дагы болгон. 15-октябрда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда бийлигин тапшырып, Садыр Жапаров президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал эми 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо Жапаров добуштардын 71,2%н алып, расмий түрдө президент болуп шайланган. 

28-январда Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине үч жыл болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты