Садыр Жапаров октябрь окуясы боюнча акталган саясатчылар тууралуу пикирин айтты

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маек курду.

Анда ага «Октябрь окуясы боюнча сотто өтүп жаткандар баары эле акталышты. Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов жана башкалар бар. Айрым блогерлер бийлик менен соодалашуу болду деп айтып чыгышты. Бул боюнча эмне айта аласыз?» деген суроо берилди.

Ал эч кандай соодалашуу болбогонун айтты. «Эч кандай соодалашуу болгон жок жана мен бирөөнү дагы кабыл алган жокмун. Жөн гана соттордун эркин чечими болду. Мен дайыма “Соттордун ишине кийлигишпегиле” деп айтып келе жатам. Мартта өткөн соттордун курултайында да сотторго айткам “Кандай иш карасаңар да мыйзам чегинде адилеттүү чечим чыгаргыла. Күнөөлүү болсо күнөөлүү деп тапкыла, күнөөсүз болсо актагыла. Ошондо силерге элдин ишеними пайда болот” деп. Мындан ары мурдакыдай ак үйдөн басым-кысым болду демей жок. Мыйзамдын диктатурасы иштейт», — деди ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты