Садыр Жапаров никаб жана паранжа тууралуу пикирин билдирди

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине хиджаб тууралуу пикирин билдирди.

“Хиджаб деген сөз биздин тилде жоолук деген эле сөз. Арабча хиджаб деп аталат. Биз жоолук деп эле атайлычы. Хиджаб десе эле чочугандар бар. Жоолук бул атам замандан бери эле биздин энелерибиз, эже-карындаштарыбыз салынып келген баш кийим. Буга эч ким каршы эмес. Жоолукту ким кандай салынат ал өзүнүн иши. Оронуп алабы, чулганып алабы жүзү ачык болсо болду.

Ал эми никаб деген көзү гана ачык болгон баш кийим. Паранжа дегенди өзүңөр жакшы билесиңер жүзүн толук жаап жүргөн баш кийим. Экөө тең бизге муфтият тарабынан тыюу салынган. Ошол үчүн муфтияттын фатвасын биздин жарандар милдеттүү түрдө аткарышы керек. Биздин илгертен берки салтыбызда деле энелерибиз, эже-карындаштарыбыз эч качан паранжа кийген эмес. Ошондуктан жөн эле экилене бериштин кереги жок.

Ал эми күч органдарына айтарым «Бөрк ал десе, баш алмай» саясат болбош керек. Жүзү ачык, бирок жоолукчан жүргөндөргө таптакыр жолобогула. Мейли жоолукту оронуп салынабы же апалар салынгандай ээктен байлап салынабы ар кимдин өз иши. Илгери деле ар ким ар кандай салынчу. Бул ар кимдин өз укугу. Болгону жүзү ачык болсо болду.

Ал эми жанагындай жүзүн такыр эле таанылгыс кылып бекитип жаап алган никаб менен паранжа дегенге каршы туралы. Бул коомдук коопсуздукту сактоо үчүн маанилүү маселе. Бул бийликтин саясаты эмес, бул муфтияттын Кыргызстан мусулмандарына чийип берген эрежеси, мыйзамы. Биз ошол мыйзамдын аткарылышына бийлик кайдыгер карап олтура бербей жардам беришибиз керек. Негизи эле кайсы гана маселе болбосун муфтияттын чыгарган фатвасынын аткарылышын камсыз кылганга жардам беришибиз керек”, — деди президент.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты