Садыр Жапаров Непалдагы авиакырсыкка байланыштуу президент Бхандариге көңүл айтты

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Непалдагы авиакырсыкка байланыштуу аталган өлкөнүн башчысы Бидхья Деви Бхандариге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Покхара шаарына жакын жерде авиакырсык болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кырсыктын кесепетинен каза болгондордун туугандарына, жакындарына жана Непал элине кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Белгилей кетсек, 15-январда  Непалдын Покхара аэропортунда Катманду шаарына учуп бараткан Yeti Airlines компаниясынын учагы кулаган.

Непалдын жарандык авиация башкармалыгынын маалыматына караганда, Yeti Airlines компаниясына таандык эки моторлуу ATR 72 учагында 68 жүргүнчү, анын ичинде 15 чет элдик жаран жана төрт экипаж мүчөсү болгон. 

Кырсыктан учактын ичиндегилердин бардыгы мүрт кеткен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты