Садыр Жапаров Нарында жергиликтүү тургундар менен жолукту
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаров 11-мартта Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда жергиликтүү тургундар контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун көбөйүшү, шаардын жана облустун инфраструктуралык көйгөйлөрү, ошондой эле жеке маселелерди көтөрүштү.
«Садыр Жапаров чогулгандарга салык жол-жоболорун фискалдаштыруу биринчи кезекте ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана республикалык бюджетке салык жыйымдарын көбөйтүү максатында жүргүзүлүп жатканын, бул жаңы жолдорду, социалдык объектилерди курууга, эмгек акыны, пенсияларды жана жөлөкпулдарды көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин түшүндүрдү», — деп айтылат маалыматта.