Садыр Жапаров Москвада  ЖККУнун  саммитине катышат

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Москвада  ЖККУнун  саммитине катышат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров төрагалык кылуучу тарап Армения Республикасынын чакыруусу менен 16-майда, Москва шаарында (Россия Федерациясы) өтүүчү Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин саммитине барат.

Иш-чаранын жыйынтыгында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 30 жылдыгына байланыштуу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсүн кабыл алуу күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты