Садыр Жапаров Москвада Жеңиш парадына катышты

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 9-майда президент Садыр Жапаров Москва шаарында Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган парадга катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кызыл аянттагы башкы аскердик парадга 9 миңден ашуун адам, 70 даана аскер техникасы жана авиация катышты. Жөө колоннанын курамына салттуу болгон түрлөрү боюнча бөлүнгөн полктор, батальондор жана роталар кирди.

Парадга мамлекеттердин лидерлери: Беларусь —  Александр Лукашенко, Казакстан — Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан — Садыр Жапаров, Россия —  Владимир Путин, Тажикстан — Эмомали Рахмон, Түркмөнстан —  Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан — Шавкат Мирзиеевдер катышты.

Ошондой эле Кубанын президенти Мигель Диас-Канель, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит жана Гвинея-БисаунунпПрезиденти Сисоку Эмбалолор чакырылган.

Жеңиш парады аяктагандан кийин Мамлекет башчылары Орусиянын президенти Владимир Путин менен  биргеликте Александр бакчасындагы Белгисиз Солдаттын мүрзөсүнө гүл коюу аземине катышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты