Садыр Жапаров Монголиянын президенти менен жолугушту

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 1-декабрда президент Садыр Жапаров Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин аянтчасында Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өлкөлөрдүн лидерлери эки тараптуу кыргыз-монгол кызматташтыгын ар кандай чөйрөлөрдө кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашып, келечекте биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын белгилешти. Президент Садыр Жапаров жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстан менен Монголия достук мамиледеги өлкөлөр экендигин айтып, эки мамлекет ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактарда өнөктөштүктү активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты