Садыр Жапаров: «Митингдерден коркпойбуз»

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек берди.

Анда ал митингдер боюнча суроолорго жооп берди. «Митингдерден коркпойбуз. Жеке кызыкчылыктарын ишке ашырыш үчүн митингге чыккандарды көрүп качып же жашынып олтуруп алчу мен эмесмин. Эгер мен мамлекетти тоноп, жакындарымды майлуу жерге коюп, мамлекетти кризистин сазына батырып атсам корксом болот эле.

Тескерисинче командам менен күнү-түнү дебей кара жаныбызды карч уруп иштеп жатабыз. Кекиртегинен сазга баткан мамлекетти эми араң саздан сууруп чыктык. Бажы, салык системасындагы уурулукту жоюп, бюджетти дээрлик 3 эсеге жакын көтөрдүк. Болбосо азыркыдай өнүгүүнү бул жакка коёлу, 2020-жылы эле чет жактардан кредит алып, эмгек акы менен пенсия, пособияларды жаап калган ахывалга келип калбадык беле. Сырткы карыздан кантип кутулабыз деген курч көйгөйдү эле талкуулап калбадык беле. Же эс тутумубуз ушунча кыскабы? Эгер мурдакыдай уурдап эле жашаган заманыбыз жакшы экен деп митингке чыккандар болсо башынан сылап олтурбайбыз. Жооп катуу болот. Анткени «наше дело правое». Элдин көпчүлүк бөлүгү аларды колдобойт. Бизди колдойт. Көпчүлүккө баш ийиш керек», — дейт Садыр Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты