Садыр Жапаров менен Владимир Путин жолукту. Анда эмнелер тууралуу сөз болду?

  • 2 года мурун

Бүгүн, 15-сентябрда президент Садыр Жапаров Самарканд шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуу жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин талкуулашты. 

Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында да жогорку динамикасы менен өзгөчөлөнөрүн белгиледи.

Ал Орусия салттуу түрдө Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи. Мамлекет башчы үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында өз ара сооданын олуттуу– өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе өсүшү катталганын белгиледи.

«Инвестициялык долбоорлор, анын ичинде Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ийгиликтүү жылып жатат. Бүгүнкү күндө Фонд 440 миллион долларга жакын 3200дөн ашык долбоорду жактырды», — деди ал. 

Кыргыз-орус кызматташтыгынын дагы бир приоритеттүү багыты гуманитардык тармак экенин белгилеп, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын аймагында орус тилинде окутуулар менен жалпы билим берүүчү мектептердин курулушунун башталышы күтүлүп жатканын кошумчалады,

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу кыргыз-орус көп кырдуу кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого жана эки тараптуу күн тартибинде турган маселелерди иш жүзүндө ишке ашырууга көмөктөшөөрүнө ишеним билдирди.

Өз кезегинде Владимир Путин Орусия менен Кыргызстан жакын өлкөлөр, стратегиялык өнөктөштөр жана бир катар регионалдык уюмдардын алкагында биргелешип иш алып барган союздаштар экенин белгиледи.

«Орусия Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөшү бойдон калууда. Өткөн жылы товар жүгүртүүнүн өсүшү байкаларлык болсо, быйыл көлөмү өсүүдө жана абдан жакшы темпте. Өткөн жылы ал 46,6% өскөн. Бул абдан жакшы көрсөткүч», — деди ал.

Владимир Путин орус тарап Кыргызстанга экономикалык колдоо көрсөтүүнү улантып жатканын жана өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктарды жоюу жаатында техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи. Ал ушул жылдын июлунда Орусиянын өкмөтүнүн Кыргыз Республикасына өрт өчүрүүчү жана тик учак техникаларын жеткирүү боюнча токтомуна кол коюлганын, бул максаттарга орус бюджетинен дээрлик 1,5 миллиард рубль бөлүнгөнүн билдирди.

Владимир Путин ошондой эле Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл бурду.

Сүйлөшүүнүн соңунда мамлекет башчылары биргелешкен күн тартибин мазмундуу толтуруу үчүн ар кандай багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты