Садыр Жапаров менен Владимир Путин ЖЕЭКтин жыйынынын күн тартибин талкуулашты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Владимир Путин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ага чын ден соолук, бакыт, бакубатчылык жана жооптуу ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалады. 

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде орусиялык кесиптешине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолору жана жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы көп кырдуу кызматташтык эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да алдыга өнүгүп, чыңдала берерине ишенимин билдирди. 

Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле 9-декабрда Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын күн тартибин талкуулашты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты