Садыр Жапаров менен Владимир Путин кызматташуунун актуалдуу багыттарын талкуулашты

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 7-октябрда президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Садыр Жапаров Владимир Путинди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага чын ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишинде мындан аркы зор ийгиликтерди каалады. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Владимир Путиндин тарыхый достуктун, өз ара колдоонун жана ишенимдин бекем салттарына негизделген кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын чыңдоого кошкон жеке салымын жогору баалаарын белгиледи. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, ошондой эле президент Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган расмий сапарын жана анын Бишкек шаарында өтө турган КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуусун талкуулашты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты