Садыр Жапаров менен Владимир Путин кызматташууну тереңдетүү маселелери тууралуу сүйлөшүштү

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында кызматташууну тереңдетүү маселелери, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Президенттер аймактык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты