Садыр Жапаров менен Казакстандын президентинин расмий жолугушуу аземи өттү

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 19-апрелде, Астана шаарында президент Садыр Жапаров жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Акорда” президенттик сарайында Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик желектери илинген, Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн.

Мамлекет башчылар бири-бири менен учурашкандан кийин өздөрүнүн расмий делегацияларын тааныштырып, Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты.

Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан ары өлкө лидерлери тизилген катардын алдынан өтүштү.

Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө башчылары чакан форматтагы сүйлөшүү залына өтүшт

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты