Садыр Жапаров менен Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель тар форматта сүйлөшүү өткөрдү

  • 1 год мурун

Бүгүн, 3-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Европа кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга болгон расмий сапары башталды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Расмий сапардын алкагында Шарль Мишель президент Садыр Жапаров менен тар форматта сүйлөшүү өткөрдү.

Тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты, глобалдык күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде аймактык кызматташтык боюнча пикир алмашты.

«Биздин өлкөгө жана регионго сиздин жеке көңүл бурганыңыз бизге Европа Бирлиги менен өнөктөштүк мамилелерди мындан ары ар тараптуу өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн кошумча стимул берет. Европа Бирлиги биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз болуп саналат. Көз карандысыздыкка ээ болгондон бери ортобузда жалаң ишеним өнүгүп, достугубуз бекемделип жатат», — деди президент Жапаров.

Шарль Мишель өз сөзүндө бүгүнкү жолугушуу Кыргызстан менен ЕБ ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыгууга, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жаңы барагын ачууга мүмкүндүк берерине басым жасады.

Андан кийин сүйлөшүүлөр кеңейтилген форматта улантылат.

2-июнда Чолпон-Атада “Европа Биримдиги — Борбор Азия” саммитине Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель катышты. Жыйынга Садыр Жапаров төрагалык кылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты