Садыр Жапаров менен Азербайжандын президентинин расмий жолугушуу аземи өттү

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 24-апрелде Баку шаарында президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи өттү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Зугульба” резиденциясында Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн. Бири-бири менен салам алышкандан кийин мамлекет башчылары Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алышып, тизилген катардын алдынан өтүштү. Кыргызстан менен Азербайжандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан кийин президенттер расмий делегацияларын тааныштырды. Андан соң биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар курамдагы сүйлөшүү залына өтүштү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты