Садыр Жапаров: «Мекендештерибиз өнүгүүгө багытталган өзгөрүүлөрдү сезе башташты»

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 13-февралда президент Садыр Жапаров Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) 10-Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Биз Кыргызстанда реформаларды жүргүзүү менен демократиянын негизги принциптеринен бир кадам да чегинген жокпуз. Бул жагдайда, бир тууган араб элдери сыяктуу эле, бийлик менен элдин ортосунда түздөн-түз диалог куруу системасын эзелтен бери колдонуп келе жатабыз. Тактап айтканда, биз салт болуп калган “Курултай” коомдук институтун жандандырдык. Бул — эл ичинен шайланып келген өкүлдөр чогулуп, маанилүү маселелерди талкуулап, тиешелүү чечимдерди кабыл ала турган, коомдук ынтымакты сактай турган жыйын. Мындай жамааттык жолугушуулар менен көзмө-көз баарлашуу салты Эмираттардагы жана башка араб өлкөлөрүндөгү Мажлис институту менен көп окшоштуктарга ээ. Министрлер Кабинети толугу менен аткарылган иштер тууралуу Курултайдын делегаттарына отчёт берет. Ошол эле учурда Курултай өлкөнүн улуттук парламенти болгон Жогорку Кеңештин ордун алмаштыра албасын баса белгилеп кетейин. Биз Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашырууда 166 өлкөнүн ичинен 45-орунга чыктык. 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киребиз деген ниетибиз бар. Мекендештерибиз өнүгүүгө багытталган өзгөрүүлөрдү сезе башташты. Элдин жаркын келечекке, эртеңки күнгө болгон ишеними жанды», — деди Садыр Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты