Садыр Жапаров Мадумаров тууралуу: «Кучакташып достошуп жылуу тараганбыз»

  • 1 год мурун
Садыр Жапаров Мадумаров тууралуу: «Кучакташып достошуп жылуу тараганбыз»

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек берди.

Ага «Саясатчылар демекчи, Мадумаровду деле ынтымак столго чакырып койбойсузбу?» деген суроо берилди.

«Аны деле чакырганбыз. Чакырганда дагы үйгө чакырганбыз. Былтыр жай мезгилинде болчу. Бир дасторкондо олтуруп: “Келиңиз ынтымакташалы. Бир эле Кыргызстаныбыз бар. Жаакташпай бирге иштешели. Биригип Кыргызстанды көтөрөлү”, — дегенбиз. Укмуш тил табышып, кучакташып достошуп жылуу тараганбыз. Бир апта өтүп-өтпөй эле сөзүнө турбай кайра тескери кетсе болобу. “Мейли, өзү билсин” дедик. Башка эмне дейбиз, ага жалдырамак белек», — деп жооп берди Садыр Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты