Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барат

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров 18-20-майда Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле мамлекет башчы сапардын алкагында  «Кытай-Борбор Азия» саммитинин ишине катышат.

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Садыр Жапаровдун иш сапарында кайсы маселелер караларын маалымдады.

«Алдыдагы сапардын алкагында КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле Садыр Жапаровдун Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Кытай Элдик Саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин жана КЭРдин башка расмий өкүлдөрү жана бизнес чөйрөлөрү менен жолугушуулары пландалууда”, —  деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты