Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты

  • 7 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Жер титирөөнүн кесепетинен Кытай Эл Республикасынын Ганьсу жана Цинхай провинцияларында көптөгөн адамдардын курман болгондугу жана жабыркагандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм. Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз”, — деп айтылат телеграммада.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты