Садыр Жапаров «Кумтөрдүн» кирешеси канча болгонун айтты

  • 11 месяцев мурун

“Кумтөрдүн” кирешеси 2021-жылдын май айынан бүгүнкү күнгө чейин 3 миллиард 445 миллион долларды түздү.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жер астынан алтын кенин казуу долбоорунун башталышына арналган иш-чарада айтты.

Ал “Кумтөр” дагы 40-50 жыл иштей турганын, учурда кенде мындан ары алтынды жер астынан казуу иштери расмий түрдө башталганын билдирди.

Бүгүнкү күндө жер астын көздөй 1600 метрдей жер көзөлүп, тунель жасалып, курамы тоннасына 5 граммдан жогору болгон баалуу рудаларды алынганы турат.

Жер астынан алтын казуу долбоорунун иштөө мөөнөтү 17 жылга ылайыкталып, 147 тонна алтындын геологиялык запасы мамлекеттин балансына коюлду.

Президент кошумчалагандай, мамлекеттик бюджетке салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө эле 891,6 миллион доллар төлөндү.

Бул мезгил ичинде жалпысынан 54 тоннадан ашуун алтын өндүрүлдү.

“Мурда Кумтөрдү чет өлкөлүк компания иштеткен 28 жыл ичинде үлүштүк киреше же дивиденд түрүндө болгону бизге 100 миллион доллар беришсе, мамлекетке өткөн 3 эле жылдан бери 441 миллион доллар дивиденд алдык.

Эгер 2012-жылы эле (бизди камаган жылдар эсиңиздерде болсо керек?) бизди камагандын ордуна Кумтөрдү алып койгонубузда андан бери он милларддан ашык доллар киреше өзүбүздө калмак. Тилекке каршы ошол кездеги сатылма, кыргыз мамлекетине душмандык кылган чиновниктердин, ошол мезгилдеги кайдыгер депутаттардын кесепетинен бул каражаттан кол жууп калдык. 10 миллиард доллар деген эмне деген акча? Андан бери ушул акча өлкөбүздө калганда эмдигиче эл оозунда айтылып келе жаткандай Орто-Азиянын Швейцариясына айланып калмакпыз” , — деди өлкө башчы.

2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкаруу Кыргызстанга өтүп, 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты