Садыр Жапаров: Коррупцияга жол жок
- 3 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында коррупцияга каршы күрөш мамлекеттин башкы багыттарынын бири экенин билдирди.
«Коррупцияга жол жок. Биз башынан эле коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршыбыз. Эч кимди аябайбыз, керек болсо бир тууганым болсо дагы аябайм. Бирок менин бир тууганым да, бала-чакам да мамлекеттик кызматта иштебейт жана мамлекеттик мекемелер менен иш алып барбайт. Ошондуктан менин санаам тынч», — деди президент.
Садыр Жапаров коррупция коом үчүн чоң коркунуч экенин белгилеп, анын кесепети өтө оор болорун айтты.
«Адам өлтүргөн кылмышкер бир адамдын өмүрүн алат, ал эми коррупционер бүтүндөй мамлекетти талкалайт. Ошондуктан коррупция менен күрөшүүдө баарыңыздар жардам бериңиздер», — деп кайрылды мамлекет башчы.




