Садыр Жапаров КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров, 26-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Жапаров иш сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинине мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

Бул жолугушууга Орусиянын, Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын лидерлери катышары күтүлүүдө.

Жаңы жылдын алдына КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларын Орусияга чакыруу – бул саясий уюмда маанилүү ролду ойногон орус президенти Владимир Путиндин көптөн берки келаткан салты.

Талдоочулардын пикиринде, Советтер Союзу таркагандан кийин түзүлгөн КМШнын курамына Москва менен стратегиялык кызматташтыкка жана өнөктөштүккө ээ мурдагы советтик өлкөлөр кирет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты