Садыр Жапаров: » Келгиле, кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө арнайлы»

  • 10 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров 16-сентябрь Сингапурдун мурдагы премьер-министри Ли Куан Юнун туулган күнүнө карата Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазды. Жапаров билдирүүсүндө Кыргызстан эгемендүүлүктүн алгачкы 30 жылын оңой эмес сабак алууга коротконун белгилеп, кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө арноого чакырган.

«Бүгүн, 16-сентябрда, элдин тагдырын жана тарыхын өзгөртүп, 30 жылдан кем убакытта үчүнчү дүйнөдөн биринчиге чыгаруу мүмкүн экенин далилдеген Ли Куан Юнун жүз жылдык мааракеси.

Эгемендүүлүгүбүздүн алгачкы 30 жылын оңой эмес сабак алууга короттук. Келгиле, кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө арнайлы. Анан бул иште бизге жолтоо болгондор эсинен чыгарбасын: «Бул карта оюну эмес. Бул өмүрлөр: силердин жана менин…«, — деп жазган мамлекет башчысы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты