Садыр Жапаров Казакстан парламентинин сенатынын төрагасын кабыл алды

  • 2 года мурун
Садыр Жапаров Казакстан парламентинин сенатынын төрагасын кабыл алды

Бүгүн, 24-январда президент Садыр Жапаров Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Казакстан парламентинин сенатына шайлоонун ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

Президент эки тараптуу кызматташуунун динамикасы абдан жогорку деңгээлде экенин жана Кыргызстан аны мындан ары да бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров Маулен Ашимбаевдин Кыргызстанга сапары кыргыз-казак парламенттер аралык мамилелерди жаңы сапаттык деңгээлге көтөрөрүнө ишеним билдирди. Ошону менен бирге 2023-жылдын экинчи жарымында өткөрүлүшү пландалып жаткан Парламенттер аралык кеңештин ишин активдештирүү жана парламенттик делегациялардын/достук топторунун өз ара иш сапарларынын практикасын кайра жандантуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Өз кезегинде Маулен Ашимбаев мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жолдогон саламын айтты.

Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Кыргыз Республикасы менен ар тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтык союздаштык мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктүн бекем пайдубалында мындан ары да өнүгө берерине ишеним билдиришти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты