Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктады

  • 1 год мурун

Бүгүн, 17-майда өлкө башчы Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.  

Сүйлөшүү маалында Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, жыргал жашоо жана Казакстандын өсүп-өнүгүшү жолундагы ишине ийгиликтерди каалады.

Тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле эки өлкөнүн кызыкчылыгына тиешелүү бардык багыттар боюнча тыгыз кызматташууну жогору баалашты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты